# КР 2017-жылдын 15-апрелиндеги № 59 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-апрелиндеги № 59 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2377/edition/1209385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 15-апрелиндеги № 59 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111566

---

КР 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 15-апрели № 59 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 2-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111566/st-1)

"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 87-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 28-статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде даттанган адам кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, ал "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогору турган ыйгарым укуктуу органга административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан ары - соттук тартипте кайрыла алат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111566/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 18-апрелинде № 46 (2771) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
