# 97-берене. Аба транспортун пайдалануу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 97-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-97

---

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун, атап айтканда, аба кемелеринин, учкучу жок аба кемелеринин учууларынын, ракеталарды атуунун, ок атуунун, жардыруу иштерин жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу менен байланышкан иштин башка түрлөрүнүн тартибин бузуу, ал төмөнкүдөй түрдө жасалса:

1) учуу планын көрсөтпөстөн (кабарлабай туруп контролдонбогон аба мейкиндигинен учууда), учууну уруксатысыз аткарууну жүзөгө ашыруу, аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишти уруксатсыз жүзөгө ашыруу;

2) аба кемелеринин Кыргыз Республикасында аба мейкиндигин пайдалануудагы тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабагандыгы;

3) Кыргыз Республикасынын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты болбостон аба кемесинин тыюу салынган зонанын, учуу чектелген зонанын аймагынын үстүнөн учуп өтүшү же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү эрежелерин бузуу;

4) буга учуу коопсуздугуна ачыктан-ачык коркунуч келтирилген учурларды жана авиациялык кырсыкты алдын алуу учурларын кошпогондо, аба кемелеринин вертикалдуу, капталдан узунунан кеткен эшелондошууну сактабагандыгы, белгиленген ченемдерден ашкан аралыкта аба кыймылын тейлөө аба трассаларынан жана маршруттарынан четтөө;

5) учуу коопсуздугуна ачыктан-ачык коркунуч келтирилген жана авиациялык кырсыктын алдын алуу учурларын кошпогондо, аба мейкиндигин пайдалануучулардын аба кыймылын тейлөө органдарынын командаларын аткарбагандыгы, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-98)
