# 8-берене. Мыйзам алдындагы теңдик принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 8-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-8

---

1. Бузуу жасаган жеке адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, динге ишенүүсүнө, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Бузуу жасаган юридикалык жактар мыйзам алдында тең жана менчигинин формасына, турган жерине, уюштуруучулук-укуктук түрүнө, баш ийүүсүнө жана башка мүнөздөмөлөрүнө карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

3. Жеке жана юридикалык жактар үчүн жаза чаралардын ар кандай түрлөрү жана өлчөмдөрү белгиленген ушул Кодекстин жоболорунда мыйзам алдында теңдик принциби бузулбайт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-9)
