# 7-берене. Мыйзамдуулук принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 7-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-7

---

1. Бузуу, жаза чарасы жана аларды жасагандыгы үчүн кошумча укуктук кесепеттер ушул Кодексте аныкталат.

2. Адамдар мыйзамдын негизинде гана белгиленген, ушул Кодексте каралган эрежелерди, талаптарды, режимдерди, лимиттерди, тартиптерди, нормативдерди, ченемдерди, стандарттарды, технологияларды, мөөнөттөрдү, чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

3. Бузуулар жөнүндө мыйзамдарды окшоштугу боюнча колдонууга тыюу салынат.

4. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген алардын ыйгарым укуктарынын негизинде жана чектеринде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-8)
