# 61-берене. Ата-энелик милдеттерден качуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 61-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-61

---

1. Ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, ал он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан ушул Кодексте жоопкерчилиги каралган бузуулардын белгисин камтыган жосундарды жасоосуна алып келиши, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ага-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, он алтыдан он сегиз жаш чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жоопкерчилиги каралган жоруктардын белгилерин камтыган жосундардын жасоосуна алып келиши -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, он төрттөн он сегиз жаш чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жоопкерчилиги каралган жоруктардын белгилерин камтыган жосундардын жасоосуна алып келиши -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-62)
