# 345-1-берене. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-345-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 345-1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-345-1

---

1. Транспорт каражатын башкарган адамдын мас абалында экендигинин ачык белгилери болсо, анын мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулат. Бул адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартканда же болбосо мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогондо, ал медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет.

Күбөлөндүрүүгө жөнөтүүнүн тартиби жана күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протокол түзүлөт, анын көчүрмөсү өзүнө карата ушундай чара көрүлүп жаткан адамга тапшырылат.

3. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) протоколдун түзүлгөн орду, датасы жана убактысы;

2) протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, аты-жөнү;

3) мас абалын күбөлөндүрүүгө негиздер;

4) транспорт каражатын башкарган адам жөнүндө маалыматтар;

5) транспорт каражатынын тиби, маркасы, модели, мамлекеттик каттоонун номердик белгиси жана идентификациялоонун башка белгилери жөнүндө маалыматтар.

4. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протоколго аны түзгөн кызмат адамы, ошондой эле өзүнүн мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулган же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилген айдоочу кол коёт. Айдоочу протоколго кол коюудан баш тартканда бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Айдоочу протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмө берүүгө жана пикирин айтууга, ошондой эле ага кол коюудан баш тартуусунун себептерин көрсөтүүгө укугу бар. Мындай түшүндүрмөлөр жана пикирлер протоколго тиркелет. Протоколдун көчүрмөсү айдоочуга берилет.

5. Мас абалын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө акт тиешелүү протоколго тиркелет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-345)  
Кийинки берене: [346-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-346)
