# 34-берене. Жаза чарасын оордотуучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 34 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112024)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138382..1138383>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 34-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-34

---

1. Жеке жана юридикалык жактардын жаза чарасын оордотуучу жагдайлар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) ыйгарым укуктуу органдын токтот деген талабына карабастан, укукка жат жүрүм-турумду улантуу;

2) адамдардын тобу тарабынан, башкача айтканда, алардын өз ара алдын ала сүйлөшүп алгандыгына карабастан, эки же андан көп адам тарабынан биргелешип бузууларды жасоо;

3) согуштук же өзгөчө абал шарттарында же болбосо коомдук кырсыктардын шарттарында бузууларды жасоо.

2. Алкоголдук мас абалында же болбосо баңгизат, психотроптук же башка маң кылуучу каражаттарды колдонуудан келип чыккан абалда адамдын бузуу жасоосу да жеке адамдардын жаза чарасын оордотуучу жагдайлар деп таанылат.

3. Бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу ишти кароочу ыйгарым укуктуу орган ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайды оордотуучу деп тааныбашы мүмкүн.

Эскертүү. Ушул Кодексте коомдук кырсык деп адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал таанылат. (КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-35)
