# 3361-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 августа 2020 года № 131 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112077)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138387..1138391>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-3361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-3361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 3361-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-3361

---

Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтому тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу аны чыгарган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш ушул Кодекстин 44-главасында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык инстанциядагы сот төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;

2) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;

3) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун жокко чыгаруу жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө.

Апелляциялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим аныктама түрүндө чыгарылат. Апелляциялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча соттун аныктамасы токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасынын көчүрмөсү беш күндүн ичинде бузуу жөнүндө иш боюнча тараптарга жөнөтүлөт. (КР 2020-жылдын 14-августундагы № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [336-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-336)  
Кийинки берене: [337-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-337)
