# 331-2-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-331-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 331-2-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-331-2

---

1. Өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документ түзүлгөн адам же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын катталган жеринде жашаган башка адамдар бузуу жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тарткан учурда, документти алып барган адам ага тиешелүү белги коюу менен аны жөнөткөн ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) кайра кайтарат. Мындай учурда бузуулар жөнүндө иш боюнча документ расмий тартипте тапшырылды деп эсептелет.

2. Бузуулар жөнүндө иш боюнча документ даректелген адамдын документти кабыл алуудан баш тартуусу ишти кароо же болбосо айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [331-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-331-1)  
Кийинки берене: [331-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-331-3)
