# 329-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтом

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111833)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138379..1138380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 329-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-329

---

Бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, ыйгарым укуктуу орган иш боюнча кагаз түрүндө же болбосо электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында токтом чыгарат. Токтомдо төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

2) ишти кароо датасы;

3) иши каралып жаткан адам жөнүндө маалымат;

4) ишти кароодо аныкталган жагдайлардын баяндамасы;

5) тиешелүү бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин беренесин көрсөтүү;

6) иш боюнча кабыл алынган чечим;

3. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго бузуу жөнүндө ишти кароого катышкан ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана катчы кол коет.

4. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтом, эгерде ал даттанылбаса, даттануу мөөнөтү бүткөндө мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык) "ЦБД" эскертүүсү: 329-берененин 1, 2-бөлүктөрүнүн нумерациясы мамлекеттик тилде жок.

---

Мурунку берене: [328-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-328)  
Кийинки берене: [330-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-330)
