# 324-берене. Бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо ыйгарым укуктуу орган кабыл алуучу чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2019 года № 25 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111832)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138378..1138379>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 324-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-324

---

1. Бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;

2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертизаны дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;

4) иштин протоколун түзүүгө жана башка документтерди жол-жоболоштурууга укугу жок адам түзгөн учурда, иштин протоколун түзүү жана башка документтерди жол-жоболоштуруу туура эмес түзүлгөн же болбосо берилген материалдар толук эмес болгон учурда, ишти кароодо алардын ордун толтуруу мүмкүн болбогон жагдайда протоколду түзгөн ыйгарым укуктуу органга, анын өкүлүнө же кызмат адамына бузуу тууралуу протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;

5) эгерде ошол ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, үч жумушчу күндүн ичинде иштин протоколун жана башка материалдарын караштуулугуна жараша кайтарып берүү жөнүндө;

6) ушул Кодексте каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө;

7) ушул Кодекстин 302-беренесинде каралган жагдайлар болгон учурда өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6- жана 7-пункттарына каралган чечим токтом түрүндө чыгарылат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-323)  
Кийинки берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-325)
