# 317-берене. Жабырлануучу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 317-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-317

---

1. Бузуулар менен дене бойлук, мүлктүк же моралдык жактан зыян келтирилген же болбосо ишкердик аброюна зыян келтирилген жеке же болбосо юридикалык жак жабырлануучу болуп саналат.

2. Жабырлануучу иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүнүк берүүгө, далилдерди келтирүүгө, сунуштарды жана четке кагууларды билдирүүгө, өкүлгө ээ болууга, бузуулар жөнүндө протоколго жана бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууга, мыйзам менен берилген башка процесстик укуктарды пайдаланууга укуктуу.

3. Бузуулар жөнүндө иш жабырлануучунун катышуусу менен каралат. Ал жок болгон учурда ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө ага тийиштүү түрдө маалымдоо тууралуу маалыматтар бар болгон учурда гана иш каралышы мүмкүн.

4. Жабырлануучу ушул Кодекстин 318-беренесине ылайык күбө катары суралышы мүмкүн.

5. Бузуулар жөнүндө өндүрүштө жабырлануучунун катышуусуна байланыштуу чыгымдар аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте бузуучунун эсебинен орду толтурулат.

---

Мурунку берене: [316-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-316)  
Кийинки берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-318)
