# 316-берене. Жактоочу, өкүл жана адвокат

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 316-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-316

---

1. Бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жакка, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн бузуулар жөнүндө өндүрүшкө - жактоочу, ал эми жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өкүл катыша алат.

2. Жактоочу же өкүл болууга адвокатка жол берилет.

3. Адвокаттын ыйгарым укуктары ордер менен тастыкталат. Юридикалык жардам көрсөткөн башка адамдын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат менен күбөлөндүрүлөт.

4. Жактоочуга жана өкүлгө ишке катышууга бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан баштап жол берилет.

5. Ушул Кодекстин 314-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 12-пункттарында каралган укуктарды кошпогондо, жактоочу жана өкүл корголуучу сыяктуу эле укуктарга ээ.

---

Мурунку берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-315)  
Кийинки берене: [317-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-317)
