# 314-берене. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 314-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-314

---

1. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бузуулар жөнүндө өндүрүштүн тартиби, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдан түшүндүрмөлөрдү алууга;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте бузуулар жөнүндө ишти кароонун датасы, убактысы жана орду тууралуу маалымат алууга;

3) бузуулар жөнүндө ишти кароодо ушул Кодексте белгиленген тартипте өзү же өкүлү аркылуу катышууга;

4) белгиленген тартипте бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга, маалыматтарды жазып алууга, документтерден көчүрмөлөрдү чыгарууга, жол-жобо аракеттери жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды алууга;

5) далилдерди же көрсөтмөлөрдү жазуу, оозеки же башка түрдө берүүгө;

6) бузуулар жөнүндө ишти кароодо башка катышуучулардын түшүндүрмөлөрүнө, жүйөлөрүнө жана өтүнмөлөрүнө каршы пикирин билдирүүгө;

7) ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн алмаштырууну билдирүүгө;

8) бузуулар жөнүндө ишти кароого башка катышуучуларды тартуу тууралуу өтүнүч кылууга;

9) документтерди же маалыматтарды талап кылууга;

10) өзүнүн эсебинен экспертизаны даярдоо жөнүндө өтүнүч кылууга;

11) ишти кароонун мөөнөттөрүн токтото туруу же кайра улантуу, ошондой эле узартуу жөнүндө өтүнүч кылууга;

12) котормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;

13) бузуулар жөнүндө иш боюнча чечим менен таанышууга, бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдун нускасын алууга;

14) бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу берүүгө.

Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш учурунда ошондой эле мыйзамда каралган башка укуктарын ишке ашырат.

2. Бузууларды жасагандыгы үчүн тартылып жаткан адам төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ыйгарым укуктуу органга өзүнүн ким экендигин тастыктоого жана өзүнүн жашаган жери жөнүндө маалымат берүүгө;

2) ыйгарым укуктуу органга өз учурунда өзүнүн байланышуучу дарек маалыматтарынын жана жашаган жеринин өзгөрүлгөндүгү тууралуу кабарлоого;

3) себебин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын чакыруусу боюнча келе албай тургандыгы жөнүндө ага өз учурунда билдирүүгө.

---

Мурунку берене: [313-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-313)  
Кийинки берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-315)
