# 313-берене. Бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2019 года № 25 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111832)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138378..1138379>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 313-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-313

---

1. Төмөнкүлөр бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучулары болуп саналат:

1) бузууларды жасагандыгы үчүн тартылып жаткан адам;

2) ыйгарым укуктуу орган;

3) жабырлануучу - бузуулар тарабынан зыян келтирилген адам. Юридикалык жактын өкүлү же коомдун тийиштүү бөлүгүнүн өкүлү катары бузуулар тарабынан моралдык зыян келтирилген адам жабырлануучу боло албайт;

4) күбө;

5) эксперт;

6) адис;

7) котормочу.

2. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам бузуулар жөнүндө ишти кароого өзү жана/же өкүлү аркылуу катыша алат.

3. Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу органдар болуп саналат:

1) өздөрүнүн компетенциясына ылайык министрликтердин, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу бөлүмдөрү;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссиялары.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдери менен бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө, ушул Кодексте каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзөт. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жекече курамы - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Ыйгарым укуктуу орган айрым бузуу фактылары боюнча жаза салуу укугу жок бузуулар жөнүндө протоколду түзүү укугун коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө (егерлерге, коомдук балык инспекторлоруна ж.б.) өткөрүп бере алат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [312-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-312)  
Кийинки берене: [314-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-314)
