# 312-берене. Бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөй турган учурлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-312.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 312-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-312

---

1. Ушул Кодекстин 19-главасында каралган жана автоматтык режимде иштеп турган сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды пайдалануу менен түшүрүлгөн, фото-кино тартуу, видеожазуу болгон бузуулар аныкталган учурда бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөйт. Ал эми бузуулар жөнүндөгү иш боюнча токтом бузуулар жөнүндө өндүрүш ачылган адамдын катышуусу жок чыгарылат жана ушул Кодекстин 329-беренесинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат.

2. Автоматтык режимде иштеп жаткан сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдарды, фото- жана кино тартуу, видео жазуу менен түшүрүлгөн материалдардын тиркемеси менен бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү ыйгарым укуктуу органдын электрондук санариптик кол тамгасы менен тастыкталат.

3. Бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом жана автоматтык режимде иштеп жаткан сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдарды, фото- жана кино тартуу, видео жазуу менен түшүрүлгөн материалдары электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу жолу менен даярдалат. Ошол токтомдун көчүрмөсү бузуулар жөнүндө иш өндүрүшү ачылган адамга почта, заказдык почта жөнөтүүлөрү боюнча ошол токтом чыгарылган күндөн баштап үч күн аралыгында жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [310-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-310)  
Кийинки берене: [313-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-313)
