# 305-берене. Атайын техникалык каражаттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2021 года № 58 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112218)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.04.2021 [Закон КР от 29 апреля 2021 года № 58 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112218); 21.08.2020 [Закон КР от 21 августа 2020 года № 138 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах", "О дорожном движении в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112081); 21.02.2019 [Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111833)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138395..1138396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 305-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-305

---

1. Метрологиялык сыноодон өткөн жана тиешелүү сертификаты бар өлчөөчү приборлор атайын техникалык каражаттар болуп саналат.

2. Жол кыймылынын эрежелерин же Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото- жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык кара-жаттар тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн атайын техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү бузуулар жөнүндө протоколдо жана бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдо чагылдырылат.

4. Атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү ушул Кодекстин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомдо чагылдырылат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138, 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-304)  
Кийинки берене: [306-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-306)
