# 303-берене. Далилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111833)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138379..1138380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 303-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-303

---

1. Бардык иш жүзүндөгү маалыматтар бузуулар жөнүндө иш боюнча далил болуп саналат, анын негизинде өндүрүшү ошол иште турган ыйгарым укуктуу орган ушул Кодексте каралган тартипте бузуулардын жагдайларынын болушу же жок болуусун, аныктоо бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жеке жактын күнөөсүн, ошондой эле бузуулар жөнүндө ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка шарттарды аныктоону жүргүзөт.

2. Бул маалыматтар кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн, электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн бузуулар жөнүндө протоколдор, бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдардын, жабыр тарткандардын, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү, адистердин түшүндүрмөлөрү, экспертизалардын корутундулары, башка документтер, буюм далилдери менен аныкталат.

Бузуулар жөнүндө материалдарды кароодо далил катары сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана приборлордун маалыматтары да, ошондой эле фото- жана видео жазуусу бар техникалык каражаттар да (видео камераларда, видеорегистратордо, мобилдүү жабдуулар менен приборлордун видео камераларында) түшүрүлгөн маалыматтар далил катары каралышы мүмкүн. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [302-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-302)  
Кийинки берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-304)
