# 302-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 302-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-302

---

Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш төмөндөгү шарттар болгон учурда башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш токтотулууга тийиш:

1) жактын жосундарында кылмыш курамынын жок экендигин белгилеген чечимдин мыйзамдуу күчүнө кириши;

2) жактын күнөөсүн жокко чыгарган жана ушул Кодекстин 21-23-беренелеринде каралган бузуулардын укукка жат экендигинин жагдайлары белгилүү болгондо;

3) ушул Кодекстин 39-беренесинде каралган шарттарда туум түрүндө жазаны жана кошумча укуктук кесепеттерди колдонуудан жак бошотулганда;

4) бузуунун жагдайынын жана курамынын жоктугу;

5) бузуулар жасалган учурда адамдын он алты жаш куракка толо электиги;

6) бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилеген актынын жокко чыгарылышы;

7) бузуулар жөнүндө иш каралган учурга карата ушул Кодекстин 36-беренесинде каралган эскирүү мөөнөттөрүнүн бүтүшү.

---

Мурунку берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-301)  
Кийинки берене: [303-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-303)
