# 300-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтото туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 300-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-300

---

1. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш аны аяктоого тоскоол болгон төмөндөгү негиздердин бирөөсү болгон учурда токтотулат:

1) бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактардын турган жерлери аныкталбаганда;

2) бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактардын психикалык же башка оор ооруулар менен ооругандыгы;

3) бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышууга бөгөт болгон юридикалык жактын кайра уюштурулушу.

2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган токтом чыгарат.

3. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтото турууга чейин ыйгарым укуктуу орган өндүрүшү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жак жок болгондо жүргүзүлүшү мүмкүн бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттүү.

4. Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин ыйгарым укуктуу орган бузууларды жасаган жакты табуу жана аныктоо чараларын көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [299-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-299)  
Кийинки берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-301)
