# 3-берене. Ушул Кодекстин убакытта колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 3-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-3

---

1. Бузууну жасаган жак, аны жасоо убагында колдонууда болгон ушул Кодекстин жоболорунда аныкталган негизде жана тартипте жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Бузуу жасаган адамдын жоопкерчилигин аныктоочу же күчөтүүчү же башкача түрдө укуктук абалын начарлатуучу ушул Кодекстин жоболору кийинкиге колдонулбайт.

3. Бузуу жасаган адамдын жоопкерчилигин жокко чыгаруучу же жеңилдетүүчү же укуктук абалын башкача түрдө жакшыртуучу ушул Кодекстин жоболору буга чейинки аракеттерге колдонулат.

4. Ушул Кодекс менен башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда дал келбөөчүлүктөр келип чыккан учурда, ушул Кодекстин тиешелүү жоболору колдонулат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-4)
