# 299-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 августа 2020 года № 138 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах", "О дорожном движении в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138387..1138391>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 299-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-299

---

Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөндөгүлөр жүйө болуп саналат:

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын түздөн-түз табылышы;

2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан коомдук бирикмелерден бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдардын келип түшүүсү;

3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында (анын ичинде Интернетте) бузуу жагдайын көрсөткөн маалыматтарды камтыган билдирүүлөр;

4) фото- жана кино тартуу, видеожазма функциялары же фото- жана кино тартуу, видеожазма каражаттары бар автоматтык режиминде иштеп турган атайын техникалык каражаттар тарабынан жол кыймылы чөйрөсүндөгү бузууларды жазып алуу.

5) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартибинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды сактоо тартибин бузууларды фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттар же фото- жана кино тартуу, видеожазуу каражаттары менен жазып алуу.

(КР 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-298)  
Кийинки берене: [300-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-300)
