# 297-берене. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 297-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-297

---

1. Соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоону, анын ичинде мүлккө болгон өзүнүн укуктары жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүнү, иштен бошогондугу тууралуу, жаңы иш, окуу орду, пенсия алган жери, башка кирешелери же турган жери жөнүндө кабарлабоону билдирген аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды карызкордун бузуусу; -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Карызкордон акча каражаттарын алуу жөнүндө аткаруу документиндеги камтылган талаптарды банктын же башка насыялык уюмдардын аткарбай коюусу -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Карызкор болуп саналбаган жактын соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоодон, конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуудан, карызкордун мүлктүк абалы тууралуу анык эмес маалыматтарды берүүдөн, аткарылуучу документтерди өз учурунда жөнөтпөөдөн көрүнгөн аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды бузуу -

7-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Кызмат адамы өзүнө берилген аткаруу документтерин жоготуусу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-296)  
Кийинки берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-298)
