# 28-берене. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери түшүнүгү, анын түрлөрү жана колдонуу шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111833)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138379..1138380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 28-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-28

---

1. Жаңы бузууларды жасоону болтурбоого же айып пулду төлөөнү камсыз кылууга багытталган мажбурлоо чаралары бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп саналат.

2. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) туум;

2) мүлктү алып коюу;

3) атайын токтотуучу жайларга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу;

4) транспорт каражатын башкаруудан четтетүү.

3. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери бузуу категорияларына карабастан колдонулат жана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн.

4. Мүлктү алып коюу формасындагы бузуунун кошумча укуктук кесепети жеке адам тарабынан бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралышы мүмкүн болгон куракка чыкканга чейин жосун жасалган учурларда да колдонулат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-29)
