# 27-берене. Айып пул

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 августа 2020 года № 129 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112075)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.08.2020 [Закон КР от 14 августа 2020 года № 129 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112075); 21.02.2019 [Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111833)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138387..1138391>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 27-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-27

---

1. Айып пул акчалай жаза чарасы болуп саналат, бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте салынат.

2. Айып пул эсептик көрсөткүчтөр менен эсептелет.

3. Айып пул өлчөмү боюнча төмөнкүдөй сегиз категорияга бөлүнөт:

119-120-1, 128 жана 130-135-беренелерди кошпогондо, 19-главада каралган бузуулар үчүн юридикалык жактарга карата жеке жактар үчүн көрсөтүлгөн айыл пулдардын өлчөмдөрү колдонулат. 217-берененин 3-бөлүгүндө, 242-берененин 2-бөлүгүндө каралган бузуулар үчүн юридикалык жактарга карата жеке жактар үчүн көрсөтүлгөн айыл пулдардын өлчөмдөрү колдонулат.

1) 1-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 50 эсептик көрсөткүч;

2) 2 категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 130 эсептик көрсөткүч;

3) 3-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 170 эсептик көрсөткүч;

4) 4-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 230 эсептик көрсөткүч;

5) 5-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 280 эсептик көрсөткүч;

6) 6-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 350 эсептик көрсөткүч;

7) 7-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 150 эсептик көрсөткүчтө, юридикалык жактар үчүн - 450 эсептик көрсөткүч;

8) 8-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 550 эсептик көрсөткүч.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 14-августунда № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-28)
