# 255-берене. Бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетпөө же болбосо товарларды кайтарып бербөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 255-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-255

---

1. Мурда алып келинген товарды же транспорт каражатын, эгерде мындай чыгарып кетүү милдеттүү болсо, Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетпөө же болбосо мурда алынып келинген товарды же транспорт каражатын, эгерде контрабанда белгилери жок болсо, белгиленген мөөнөттө мындай кайтарып берүү милдеттүү болуп саналса, Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагына (Кыргыз Республикасына) кайра кайтарып бербөө -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра чыгарып кетүүнү же кайра алып келүүнү тастыктоо катары жасалма документтерди, анык эмес документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же болбосо башка товарга жана транспорт каражатына тийиштүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-254)  
Кийинки берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-256)
