# 246-берене. Бажы органдарынын уруксаты болбостон товарларды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 246-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-246

---

1. Бажы контролунда турган товарды же транспорт каражатын бажы органынын уруксаты болбостон башка жактарга берүү (өткөрүп берүү) же болбосо аларды жоготуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Бажы контролунда турган товарлардын же транспорт каражатынын бажылык же башка документтерин жоготуу же кабыл алынгандарды Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирип бербөө -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет. 3 Товарды, транспорт каражатын жана алардын документтерин жеткирип берүүнүн бажы органдары тарабынан белгиленген мөөнөтүн сактабоо - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Бажы органдары тарабынан белгиленген жерге бажы контролунда турган товарды же транспорт каражатын жеткирип бербөө жана алардын документтерин тапшырбоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-245)  
Кийинки берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-247)
