# 245-берене. Товардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 245-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-245

---

1. Ташуучунун авария болгон же өзүнүн алы жеткис аракеттеринин учурунда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан белгиленген жерге жеткирүүгө кабыл алынгандардын же транзит аркылуу алынып өтүлгөн товарларды же транспорт каражаттарын сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү же болбосо аларды уруксат берилбеген колдонууга жол бергендиги -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ташуучунун авария болгон же өзүнүн алы жеткис аракеттеринин учурунда ошол иштердин жагдайлары тууралуу, Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген жерге жеткирүүгө кабыл алынгандардын же транзит аркылуу алынып өтүлгөн товарлардын же транспорт каражаттарынын жайгаштырылган орду тууралуу маалымат бербегендиги же болбосо жакынкы бажы органдарына аларды ташып жеткирүүнү камсыз кылбагандыгы -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-244)  
Кийинки берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-246)
