# 244-берене. Бажы чек арасынан өткөндүгү жөнүндө маалымат бербөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 244-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-244

---

1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же болбосо транспорт каражаттарын алып чыгуу же алып келүү ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына маалымат бербөө -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Эгерде мындай маалымат берүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарында катталса, Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес маалымат берүү, ага тете белгиленген жерге жана убакта товарды же транспорт каражатын жеткирбөө,

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-243)  
Кийинки берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-245)
