# 2407-берене. Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор жана пенсиялык активдерди башкаруу жөнүндө мыйзамдарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138396..1138397>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-2407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 2407-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2407

---

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо талаптарын бузуу же аткарбоо -

4-категориядагы айып салууга алып келет.

2. Топтолмо пенсиялык фонддор үчүн пруденциялык ченемдерди эсептөө методикасын бузуу же аткарбоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмдөрү, аларды түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө талаптарды бузуу же аткарбоо -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү конкурсун уюштуруу жана өткөрүү тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Пенсиялык топтолмо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурсту өткөрүү тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

6. Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөткөн депозитарийдин ишине коюлган талаптарды бузуу же аткарбоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

7. Пенсиялык топтолмолорду бир топтолмо пенсиялык фонддон башка топтолмо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондуна которуу тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

8. Топтолмо пенсиялык каражаттар инвестиция кылынган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдеринин наркын эсептөө тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

9. Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн түзүү жана колдоо боюнча талаптарды бузуу же аткарбоо -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2406-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2406)  
Кийинки берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-241)
