# 2403-берене. Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138396..1138397>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-2403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 2403-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2403

---

1. Аудитордук уюм жана жеке аудитор тарабынан Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарында каралбаган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарга каршы келген учурларда аудитордук уюмдун же жеке аудитордун аудит өткөрүүсү же аудитордук кызматтарды көрсөтүүсү -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Аудитордун бир гана аудитордук уюмдун курамында аудитор катары эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитордук ишти жүргүзүү талаптарын сакталбашы -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Жеке аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан аудитордук иштин стандарттарын сактабоо -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2402-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2402)  
Кийинки берене: [240-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-240-4)
