# 23-берене. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимдерин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 23-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-23

---

1. Адамдын укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирген жосуну, эгерде ал кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимин (буйрук, тескеме, токтом) аткаруу максатында жасалса, бузуу болуп саналбайт.

2. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын чечимдери, эгерде алар тиешелүү жак же коллегиялуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана анын ыйгарым укуктарынын чектеринде берилсе жана өзүнүн маңызы боюнча мыйзамга карама-каршы келбесе жана адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузуу менен байланышпаса, мыйзамдуу болуп саналат.

3. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамсыз чечимин аткаруудан баш тартуусу бузуу болуп саналбайт.

4. Жак мыйзамсыз чечимди аткаргандыгы үчүн бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган менен бирдей жоопкерчилик тартат.

5. Эгерде адам кабыл алынган чечимдин мыйзамсыз мүнөзүн аңдап-түшүнбөгөн болсо жана аңдап-түшүнө албаса, анда бузуу үчүн жоопкерчиликти бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган гана тартат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-24)
