# 2231-берене. Милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138396..1138397>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-2231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 2231-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-2231

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш болгон юридикалык жактардын милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуусу, же болбосо, аны өткөрүүгө тоскоолдук кылуусу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсеп регистрлерин, бухгалтердик эсептин жумушчу эсеп-пландарын, финансылык отчетторун жана эсептик саясаттын башка документтерин маалыматтын кагаз булактарында, ошондой эле эсепке алуунун компьютерлештирилген системасында сактоо боюнча талаптарды мамлекеттик архивдик иш жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сактабагандыгы -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Ачык кызыкчылыктын субъекттери тарабынан менчигинин түрүнө карабастан, Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарынын сакталбагандыгы -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-223)  
Кийинки берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-224)
