# 19-берене. Жактын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 19-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-19

---

1. Өнөкөт психикалык оорунун, убактылуу акылынан адашуунун, акыл-эсинин кемдигинин же психикасынын башка оорулуу абалынын айынан өз кыймыл-аракетин (аракетсиздигин) аңдап-сезе жана башкара албаган адамдын укукка каршы жосун жасашы жеке адамдын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар катары таанылат. Мындай адамга карата психиатриялык жардам жөнүндө мыйзамда аныкталган тартипте медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулат.

2. Аны менен эмгек мамилелери болгон жеке адамдын же келишим боюнча юридикалык жактын кызыкчылыктарында белгилүү бир аракеттерди аткарган жеке адамдын эркинен жана ан-сезиминен көз каранды болбогон себептердин айынан укукка каршы жосун жасоо юридикалык жактын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар деп таанылат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-20)
