# 129-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111833)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138379..1138380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 129-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-129

---

1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган же болбосо ар кандай түрдөгү жазуулар, сүрөттөр, фотосүрөттөр түшүрүлгөн транспорт каражатын башкаруу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. 1. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү (күңүрттөлүүсү) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек.

2. Ушул ченем тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген атайын автомашиналарга жайылтылбайт.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-130)
