# 121-берене. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2020 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Кодекс Кыргызской Республики о проступках)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111993)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.01.2020 [Закон КР от 15 января 2020 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Кодекс Кыргызской Республики о проступках)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111993); 21.02.2019 [Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111833)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138380..1138381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 121-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-121

---

1. Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын айдоо, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Бул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражатын каттоо, номердик белгини жайгаштыруу тартибин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо анын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

6. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 15-январында № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-1202)  
Кийинки берене: [1211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-1211)
