# 119-1-берене. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-119-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 119-1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-119-1

---

1. Жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун саламаттыгына жеңил зыян келтирген, транспорт каражатына, жүктөргө, жолдорго, жолдогу жана башка курулмаларга же башка мүлккө зыян келтирген жол-транспорт кырсыгына алып келген аракеттер, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-119)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-120)
