# 109-берене. Кемелердин кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2019 года № 25 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111832)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565#diff=1138378..1138379>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 109-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-109

---

1. Эксплуатациялоого тыюу салынган кемени башкаруу же аны жүктөө, жабдуу, жүргүнчүлөрдү батыштыруу эрежелерин же сүзүү шарттарына карата чектөөлөрдү бузуу менен айдоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Бул кемени башкарууга укугу жок адамдын кемени айдоосу же мындай кемени башкарууга укугу жок адамга айдаганга берүү, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Кемени айдоочунун кемени пайдалануудагы башка эрежелерди бузуусу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Бул беренеде каралган чакан кемелер деп, 75 аттын күчүнөн аз (55 кВт) кубаттуулуктагы башкы кыймылдаткычка ээ болгон өзү жүрүүчү кемелерди, жалпы сыйымдуулугу 80 регистрдик тоннадан (же бирдиктен) аз өзү жүрбөөчү жана жел кемелерди, ошондой эле кыймылдаткычтарынын кубаттуулугунан көз карандысыз, бирок жалпы сыйымдуулугу 10 регистрдик тоннадан (же бирдиктен) ашкан өзү жүрбөөчү жеңил кемелерди (жүк көтөрүмдүүлүктөрү 100 жана андан ашык килограмм болгон - калак шилтөөчү кайыктарды, 150 жана андан ашык килограмм болгон - байдаркаларды жана 225 жана андан ашык килограмм болгон - жел толтурулган кемелерди) түшүнүү керек. (КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-110)
