# 100-берене. Авиациялык коопсуздук эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-34/edition/1138376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111565/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси, 100-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-100

---

1. Авиациялык коопсуздук ченемдерин, эрежелерин же жол-жоболорун бузуу же аткарбай коюу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Аэропорттун, аэродромдун, вертодромдун контролдонуучу аймактарынын же кирүү чектелген зонасынын, же болбосо жер үстүндөгү курулуштарынын тосмолорун күтүү боюнча чараларды көрбөй коюу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Жарандык аба кемесинин бортуна текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын, кол жүгүнүн же багаждын, жүктүн, почтанын, борт запастарынын, же болбосо жарандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган предметтердин же заттардын өтүп кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрбөй коюу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Жарандык аба кемесинин бортуна текшерүүдөн өтпөгөн адамдарды, кол жүгүн же багажын, жүктү, почтаны, борт запастарын же болбосо жарандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган предметтерди же заттарды жеткирүү же болбосо жеткирүүгө көмөктөшүү -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111565/st-101)
