# КР 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111561>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2373/edition/796590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111561.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111561

---

КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 6-апрели № 54 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 2-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111561/st-1)

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 28-статьянын 2-пунктунда:

а) үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";

б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Сууну пайдаланууга атайын уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";

2) 87-статьянын 4-пунктунда "сотко" деген сөз "административдик (сотко чейинки) тартипте же сот тартибинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111561/st-2)

"Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 12-берененин 3-бөлүгү "соттук тартипте" деген сөздөрдөн мурда "административдик (сотко чейинки) тартипте же" деген сөздөр менен толукталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111561/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-апрелинде № 44 (2769) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
