# 2-берене

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111554)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 18-мартындагы № 47 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111554/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2366/edition/788652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111554/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111554/st-2

---

"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Китепканалардын жана аны пайдалануучулардын мыйзамдуу укуктарын кемсинткен аталган органдардын чечимдерине, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.";

2) 22-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Каттоодон баш тартууга "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.";

3) 23-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик китепканаларды жоюу тууралуу укук ченемсиз чечимге жеке жана юридикалык жактар, коомдук бирикмелер же көзөмөлчү (окурмандар) кеңештер "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттана алат.".

---

Мурунку берене: [Статья 1](https://aqlex.ai/kg/doc/111554/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111554/st-3)
