# КР 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2365/edition/873613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111553

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 18-марты № 46 Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107, 2018-жылдын 24-майындагы № 54, 2026-жылдын 13-февралындагы № 14, 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111553/st-1)

"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 4, 196-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 10-статьянын экинчи бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Коргоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111553/st-2)

"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берененин 3-пунктунда "Коргоо кеңешинин" деген сөздөр "Коопсуздук кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111553/st-3)

(КР 2018-жылдын 24-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111553/st-4)

"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Коргоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 11-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) Коопсуздук кеңешин жетектейт, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобону бекитет;".

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111553/st-5)

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

"10. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы.".

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111553/st-6)

(КР 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111553/st-7)

(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111553/st-8)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

2017-жылдын 15-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
