# 1-берене

- Документ: [Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111548)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 "Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111548/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2360/edition/1289643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111548/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111548/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 14-глава төмөнкүдөй мазмундагы 851-статья менен толукталсын:

"851-статья. Билим берүү уюмдарында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдардын алиментке укугу

1. Алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу болбосо, академиялык отпускада болгон мезгилди кошпогондо, алар окууну аяктаганга чейин сот уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында күндүзгү формада акы төлөөнүн негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон өз балдарын багууга ата-энелерди милдеттендирүүгө укуктуу.

2. Билим берүү уюмдарынын күндүзгү формасында акы төлөө негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон балдарга алименттин өлчөмү сот тарабынан уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында окутууга төлөнүүчү нарктын элүү пайызынын өлчөмүндө аныкталат.";

2) 125-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "жетилген учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми билим берүү уюмдарынын күндүзгү формасында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдарга карата окуу аяктагандан кийин же жыйырма бир жашка жеткенде" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111548/st-2)
