# 1-берене

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111542)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 35 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147 "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111542/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2354/edition/1111151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111542/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111542/st-1

---

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аудиторлор өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүп жаткан учурда, илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары, мамлекеттик кызматта турууга жана бөлөк акы төлөнүүчү иште иштөөгө укугу жок. Аудиторлор банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана коомдордун Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү да боло алышат. Мында аудитор:

- эгерде ал акыркы беш жылдын ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзгөн болсо, банктын Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү боло албайт;

- ал Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса же мурда Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болсо, аны жумуштан бошоткон же ээлеген кызмат ордунан ыктыярдуу түрдө кеткен учурдан тартып беш жыл ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзө албайт;

- эгерде кандай болбосун башка банкта Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса, башка атаандаш банктарда аудитордук текшерүү жүргүзө албайт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111542/st-2)
