# 1-берене

- Документ: [Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111540)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 22-февралындагы № 32 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111540/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2352/edition/1277073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111540/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111540/st-1

---

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин бешинчи абзацы "окуу китептерин," деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен чыгарылган окуу китептерин," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 28-беренеде:

а) 1-бөлүгү "ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук (окутуучулук) иште иштөө укугуна төмөнкү учурларда ээ болот:

- кайра даярдоодон өткөн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иштин көндүмдөрүн үйрөнгөн;

- репетитордук жана тренингдер тартибинде сабак өткөн.";

3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 432-берене менен толукталсын:

"432-берене. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө билим берүү уюмунун банктык эсебине же казыналыктагы атайын эсебине акча каражаттарын чегерүү жолу менен, улуттук валютада жүргүзүлөт. Билим берүү уюмдарынын билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн чет өлкөлүк валютада акы төлөө тууралуу талаптары мыйзамсыз болуп саналат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111540/st-2)
