1-берене
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамы - электр байланыш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышынын тейлөө кызматтарын кандай болбосун пайдалануучуга электр байланышынын тейлөө кызматтарын акы төлөп көрсөтүү үчүн багытталган байланыш каражаттарын жана линияларын өзүнө камтыган технологиялык тутум;";
2) 28-статьяда:
а) 1-бөлүгүндөгү ", ушул статьяда каралгандардан башка учурларда," деген сөздөр алып салынсын;
б) 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 30-статьяда:
а) 1-бөлүгүндөгү "Эксклюзивдик укуктарга ээ болгон же үстөмдүк кылуу абалын ээлеген" деген сөздөр "Үстөмдүк кылуу абалын ээлеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- эки же андан ашык оператор колдонуудагы тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө келишимдердин талаптары боюнча келише алышпаса.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-бөлүктөр менен толукталсын:
"Административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, талаштарды сотко чейинки кароо тартиби милдеттүү жол-жобо болуп саналат. Тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө эрежелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111538/st-1" title="1-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>