# КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 30 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 30 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111538>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2350/edition/782847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111538.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 30 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111538

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 20-февралы № 30 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 18-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111538/st-1)

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамы - электр байланыш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышынын тейлөө кызматтарын кандай болбосун пайдалануучуга электр байланышынын тейлөө кызматтарын акы төлөп көрсөтүү үчүн багытталган байланыш каражаттарын жана линияларын өзүнө камтыган технологиялык тутум;";

2) 28-статьяда:

а) 1-бөлүгүндөгү ", ушул статьяда каралгандардан башка учурларда," деген сөздөр алып салынсын;

б) 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 30-статьяда:

а) 1-бөлүгүндөгү "Эксклюзивдик укуктарга ээ болгон же үстөмдүк кылуу абалын ээлеген" деген сөздөр "Үстөмдүк кылуу абалын ээлеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- эки же андан ашык оператор колдонуудагы тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө келишимдердин талаптары боюнча келише алышпаса.";

в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-бөлүктөр менен толукталсын:

"Административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, талаштарды сотко чейинки кароо тартиби милдеттүү жол-жобо болуп саналат. Тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө эрежелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111538/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 (2757) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төрт айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
