1-берене
Күчүндө · 20.02.2017 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) онунчу абзацы "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"калктын туура тамактануусу - калктын ар түрдүү топторунун туура тамактанууга болгон керектөөлөрүн алардын салт-санааларын жана экономикалык абалын эске алуу менен канааттандырууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.";
2) 3-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун максаты - тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык, алардын бар экенине, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарына калктын жетишүүсү үчүн, ошондой эле туура тамактанууга мүмкүндүк алуу үчүн шарттарды түзүү.";
б) 3-бөлүгү "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында республикалык бюджеттен натыйжалуу жана жетиштүү каржылоого өбөлгө түзөт.";
4) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.";
5) 8-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 20.02.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111536/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>