# КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2348/edition/782840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (20.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111536

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 20-февралы № 28 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 18-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111536/st-1)

"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) онунчу абзацы "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"калктын туура тамактануусу - калктын ар түрдүү топторунун туура тамактанууга болгон керектөөлөрүн алардын салт-санааларын жана экономикалык абалын эске алуу менен канааттандырууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.";

2) 3-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун максаты - тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык, алардын бар экенине, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарына калктын жетишүүсү үчүн, ошондой эле туура тамактанууга мүмкүндүк алуу үчүн шарттарды түзүү.";

б) 3-бөлүгү "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында республикалык бюджеттен натыйжалуу жана жетиштүү каржылоого өбөлгө түзөт.";

4) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.";

5) 8-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111536/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 (2757) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
