# КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2347/edition/1120124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111535

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 20-февралы № 27 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 19-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111535/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 992-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 149-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуп туруу күндөрүн кошуп алганда, даттанууну кароо мөөнөтү даттанууну берген күндөн кийинки күндөн тартып 90 күндөн ашпоого тийиш.";

б) 3-бөлүгүндө "1-бөлүгүндө" деген сөздөр "1 жана 2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 346-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 355-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Патент удаалаш өтүүчү календардык күндөрдүн кандай болбосун санына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 календардык күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга төмөндөйт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111535/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 24-февралында № 31 (2756) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
